Бишкек шаардык соту коргоо министри Таалайбек Өмүралиевди күнөөлүү деп тапты. Бул туурасында аталган соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 10-мартта Бишкек шаардык соту айыпталуучу Өмүралиевге жана башкаларга карата апелляциялык тартипте кылмыш ишин карап, Биринчи май райондук сотунун 2020-жылдын 13-октябрындагы өкүмүн жокко чыгарды. Таалайбек Өмүралиев жана башкалар кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылышып, Өмүралиевге мамлекетке 5 миллион сом өлчөмүндө айып төлөө жазасы белгиленди. Башка айыпталуучулар кылмыш жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жазык жоопкерчилигинен бошотулушкан.
Тараптарга соттун өкүмүнө кассациялык тартипте Жогорку Сотко даттануу келтирүү укугу түшүндүрүлдү.
Таалайбек Өмүралиев «Жал» кичирайонунда батирлерди аскер кызматкерлерине мвйзамсыз бөлүштүрүүгө айыпталып жаткан. Аны 5 миллион сомго айыпка жыгышкан. Жогорку Сот ишти кайра кароого Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүп, райсот аны толук актаган болчу.












