Шаардык сот Төрөбай Зулпукаровду камакта калтырды

Бүгүн, 23-июнда Бишкек шаардык сотунда депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун бөгөт чарасы каралды. Сот Зулпукаровду камакта калтырды. Тактап айтканда, эл өкүлү 31-июлга чейин УКМКнын СИЗОсунда болот. Ал эми Асылбек Жэнбековго байланышкан бүгүнкү соттук отурум бүтө элек.

Буга чейин соттук процесске эл өкүлдөрү алып келинбегени үчүн отурум бүгүнкү күнгө, 23-июнга жылдырылган. Шаардык соттун имаратынын алдында депутаттардын тарапташтары жана жакындары алардын бошотулушун талап кылып митинг өткөрүп жатышат. Кечээ, 22-июнда бир катар депутаттар Зулпукаровдун баш коргоо чарасын үй камагына алмаштырууну шаардык соттон суранышып, кепилдик беришкен болчу. Алар Төрөбай Зулпукаровду камакка алуу мыйзамсыз экенин билдиришкен.

Жээнбеков менен Зулпукаров УКМК тарабынан 31-майда кармалып, алардын «Кумтөр» боюнча коррупцияга шектелип жатканы маалымдалган. Ошол эле күнү Биринчи Май райондук соту алардын баш коргоо чарасын карап, 2 айга каммакка алган.