Бүгүн, 18-июнда Бишкек шаардык сотунда «Кумтөр» иши боюнча коррупцияга шектелип жаткан депутаттар Төрөбай Зулпукаров менен Асылбек Жээнбековдун бөгөт чарасын кароо боюнча соттук отурум 23-июнга жылдырылды. Соттук отурум Ирина Воронцованын төрагалыгында жүрдү.
Соттук процесстин жылдырылышына шектүүлөрдүн сотко алып келинбегени себеп болду.
Жээнбеков менен Зулпукаров УКМК тарабынан 31-майда кармалып, алардын «Кумтөр» боюнча коррупцияга шектелип жатканы маалымдалган. Ошол эле күнү Биринчи Май райондук соту алардын баш коргоо чарасын карап, 2 айга каммакка алган.