Бүгүн, 18-декабрда Бишкек шаардык соту Temirov LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорунун журналисттерине Ленин райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.
Журналисттер Актилек Капаровго жана Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза берилип, эки журналист камакта калтырылган эле.
16-январда Ички иштер министрлиги Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. 11 журналистке Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси – “Массалык башаламандыктар” менен айып тагылган болчу.