Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаирбек Ташиев коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.
Салык кызматынын материалдарынын жана аудитордук текшерүүнүн негизинде «Кыргызнефтегаз» ААКсындагы коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Ички иштер министрлиги жүргүзгөн тергөөнүн жүрүшүндө Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаирбек Ташиев кармалган. Кармалган адам Бишкек шаарынын ИИББсынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.











