«Шалдырап ооруп жаткан». Ысык-Көлдө 6 жаштагы кыз көз жумду

Ысык-Көлдө 6 жаштагы кыз көз жумду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден тастыкташты.

Кечээ, 22-майда саат 16:50 чамасында Ак-Суу РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө медайымдан чалуу түшкөн. Анда Чолпон айылынын 2016-жылы туулган тургуну чарчап калганы айтылган. Аталган факты милицияга каттоого алынган.

Кыздын атасын кызматкерлерге төмөнкүдөй маалымат берген. 21-май күнү саат 14:00 чамасында кыз кусуп, ичи өтүп ооруп баштаган, бирок кечинде жакшы болуп уктап калган. Эртеси саат 15:50 чамасында шалдырап ооруп жатып, чарчап калган. Андан соң ооруканага алып келишкен. Жансыз денени кароо учурунда тактар байкалган эмес. Ата-энеси арыз жазуудан, соттук-медициналык экспертизадан баш тартышкан.