Мурдагы айыл өкмөт башчы 20 миң доллар пара берүүгө шектелип кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Февраль айында М.Б.М. тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн Ачы айылындагы айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзамсыз берилгендиги жөнүндө маалыматтар алынган. Мындан улам, М.Б.М. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, трансформацияланбаган жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө токтомду жасалмалоо жолу менен курулуш компанияларынын бирине 10 гектар жер тилкесин бергени аныкталды. Бул факты боюнча текшерүү иш-чараларын жүргүзүү учурунда М.Б.М. тергөөгө чейинки текшерүү боюнча маселени оң жагына чечүү максатында УКМКнын кызматкерине 20 миң доллар өлчөмүндө пара сунуштаган.

Аталган сумманын жарымын, 9 миң 800 доллар өлчөмүндөгү акча каражатын УКМК кызматкерине өткөрүп берүү учурунда Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 3-бөлүгү (өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү) менен кармалды. 23-апрелде Ош шаардык сотунун чечими менен УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынды.