«Шашып бараткам». Ырчы Гүлжигит Калыков коопсуздук курун тагынбаганы үчүн айып салынды (видео)

Эмгек сиңирген артист, ырчы Гүлжигит Калыков коопсуздук курун тагынбагандыгы үчүн айып салынды. Бул тууралуу Кайгуул кызматынан маалымдашты.

Гүлжигит Калыков шашып баратып кур тагынбай калгандыгын айтып, коомчулукту жол кыймылынын эрежелерин сактоого чакырган.