Милиция Ала-Букадагы тергөө абагындагы жарандын денесиндеги тактар боюнча маалымат берди

Буга чейин Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор маалымат таратып, Ала-Бука районунда милиция кызматкерлери убактылуу кармоочу жайдагы адамды сабап салышканын маалымдаган. 

Окуя боюнча Жалал-Абад ОИИБ өз версиясын айтты. «23-июнь күнү саат 14:00 чамасында Ала-Бука райондук сотунун судьясынын токтомунун негизинде Ала-Бука РИИБге Жазык кодексинин 202-беренеси (каракчылык), 216-берене (мүлктү атайылап жок кылуу), 211-берене (унаа каражатын мыйзамсыз айдап качуу) менен айыпталып жаткан Ала-Бука районунун тургуну 1994-жылы туулган Бекбол Жанышов Ош шаарында жайгашкан Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №25 мекемесинен Жалал-Абад ОИИБдин кылмышкерлерди коштоп жүрүү тобу тарабынан алып келинип, Ала-Бука РИИБдин убактылуу кармоочу жайына кирзилген учурда “Мен шериктерим менен отурушум керек, мени ошолор отурган камерага киргизгиле» деп талап коюп, өзү кийип жүргөн спорт шымы менен үстүндөгү спорт костюмундагы боону чечүү боюнча мыйзамдуу талаптарга баш ийбей, ар кандай шылтоолорду айтып, №1 камерасына киргизгенге аракет кылган учурда ал мыйзамдуу талаптарга баш ийбей, өзүн агрессивдүү абалда милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, коридордун дубалдарын жана эшиктерин тээп жаткандыктан укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө 102-мыйзамынын талаптарына ылайык, мажбурлап №1 камерасына киргизилген.

Бекбол Жанышовго карата Ала-Бука РИИБдин кызматкерлери тарабынан кыйноолор болгон эместигин жана кызматкерлер мыйзам талабында кызматтарын өтөгөндүгүн белгилейбиз», — деп айтылат маалыматта.