Эшигин ачып айдаган 107-маршруттук унаага 7500 сом айып салынды (видео)

Эшигин ачып айдап бара жаткан 107-маршруттук унаага 7500 сом айып салынып, унаасы убактылуу токтотуучу айып короого киргизилди. Бул тууралуу Кайгуул кызматынан маалымдашты.

— Социалдык тармактарда 107-маршруттук унаа каттам учурунда эшигин ачып айдоо менен ичиндеги жүргүнчүлөргө кооптуу абал туудурган.

Бул көрүнүш Укук бузуулар кодексинин 189-беренесине ылайык, авто ээнбаштык болуп эсептелгендиктен, айдоочуга карата 7500 сом айып салынып, унаасы убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилген.

Тактоо учурунда айдоочу күн ысык болуп жаткандыктан маршруттук унаанын эшигин ачып алып айдагандыгын түшүндүргөн.