Бейшемби, 26.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР

Шопоков шаарынын мэри коррупцияга шектелип кармалды

10:07 04.07.2025
0
Шопоков шаарынын мэри коррупцияга шектелип кармалды
УКМК тарабынан мамлекеттик бийлик тутумундагы коррупциялык схемаларды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, Шопоков шаардык мэриясынын кызмат адамдарына карата – товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу иштеринде, мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзүүдө коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдан азыркы учурга чейин Сокулук районунун Шопоков шаарынын мэриясы тарабынан товардык материалдык баалуулуктарды сатып алуу боюнча тендерлер өткөрүлүп, анда «Юниверсал сервис» жана «Матумба» ЖЧКлары жеңүүчү деп жарыяланып келген. Ошол эле учурда, Шопоков шаарынын мэри «С.Н.С.» тапшырмасына ылайык, жогоруда аталган ишканалар мэриянын «инвестицияларды тартуу жана мамлекеттик сатып алуулар» боюнча башкы адиси «К.А.А.»-нын классташтары «А.А.М.» жана «О.С.О.» аттуу жарандарга катталып, алар формалдуу түрдө компаниялардын жетекчилери болуп көрсөтүлгөн.

Алынган маалыматка ылайык, жогоруда аталган «Юниверсал Сервис» жана «Матумба» ЖЧКларынын ишмердүүлүгүн Шопоков шаарынын мэри жана мэриянын мамлекеттик сатып алуулар боюнча адиси жетектеп, жасалма жумуштарды жүргүзүп, бул аркылуу бюджеттик каражаттарды жеке баюу максатында мыйзамсыз сыртка чыгарып кетүү менен алектенишкен. Бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз калчоо боюнча коррупциялык схема түз Шопоков шаарынын мэри «С.Н. С.» көрсөтмөсү боюнча уюштурулгандыгы, ошондой эле сатып-алууларды жасалмалоодон түшкөн акча каражаттары өз ара бөлүштүрүлгөндүгү жөнүндө маалыматтар «инвестицияларды тартуу жана мамлекеттик сатып алуулар» боюнча мэриянын башкы адиси «К.А.А.»-нын көрсөтмөсүнө ылайык тастыкталды.

Ошондой эле, кылмыштын изин жашыруу максатында Шопоков шаардык мэриясынын кызмат адамдары ар бир жасалма сатып алуу иштеринен, 1 миң сомдон 5 миң сомго чейинки акча каражатын «Юниверсал Сервис» ЖЧКсынын формалдуу директору А.А.М.-га сый акы катары которушкан. Алдын ала жүргүзүлгөн аудиттик текшерүүлөрдүн натыйжасында, республикалык бюджетке 9 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Ошол эле учурда «С.Н.С.» кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өзүнүн жакын тууганын айдоочулукка дайындап, ал бир учурда эле «Шопоков-Унаа» муниципалдык ишканасында айдоочу болуп иштеп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуп, эки жерден эмгек акы алып жүргөндүгү аныкталган. Топтолгон маалыматтардын жана тергөө-ыкчам материалдарынын негизинде 3-июлда жогоруда аталган Шопоков шаардык мэриясынын кызмат адамдары «С.Н.С.» жана «К.А.А.» кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

200 чакырым/сааттан ашык ылдамдык! Автоунаа айып короо жайына киргизилди

200 чакырым/сааттан ашык ылдамдык! Автоунаа айып короо жайына киргизилди

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:25 25.03.2026
0

Социалдык тармактарда айдоочу транспорт каражатын 200 чакырым/сааттан ашык ылдамдыкта башкарып бара жаткандыгы жана дагы бир видеодо транспорт каражатында бара жатып...

Өлкөдө 2025-жылы жөө жүргүнчүнү сүзгөн 2853 жол кырсыгы катталып, 284 жаран каза болгон

Өлкөдө 2025-жылы жөө жүргүнчүнү сүзгөн 2853 жол кырсыгы катталып, 284 жаран каза болгон

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:32 24.03.2026
0

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларга эскертүү иретинде маалымат таратты. Жөө өтмөктөргө жакындаганда ылдамдыкты сөзсүз төмөндөтүңүз; Жөө жүргүнчүлөргө,...

20 миллион сомдон ашык… Кэшбэк алып берем деген алдамчылыкка шектүү кармалды

20 миллион сомдон ашык… Кэшбэк алып берем деген алдамчылыкка шектүү кармалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:15 24.03.2026
1

Ички иштер органдарына жаран Т.Б. арыз менен кайрылып, «Феникс» компаниясы менен жаран О.Н. карата чара көрүүнү суранган. Бул тууралуу ИИМден...

Кара-Балтада адам өлтүрүүгө шектүү кармалды

Кара-Балтада адам өлтүрүүгө шектүү кармалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:01 23.03.2026
0

22-март күнү Жайыл РИИБне Кара-Балта шаарынын түштүк бөлүгүндө жайгашкан «Южная» дачасынын аймагында белгисиз адамдын жерге көмүлгөн денеси табылгандыгы тууралуу маалымат...

“Ош-Тазалык” ишканасынын кызматкери жол кырсыгынан каза болду

“Ош-Тазалык” ишканасынын кызматкери жол кырсыгынан каза болду

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:14 22.03.2026
0

19-март күнү саат 05:50дө Ош шаарынын ооруканасынан А. Мамыров көчөсүндө “Тойота Ипсум” унаасы “Ош-Тазалык” ишканасынын кызматкерин сүзүп, натыйжада кызматкер аял...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Текебаев: «Эл «булар дагы эмнени баштаганы жатышат?» деп ойлобойбу?» деп күмөн санадым»

Текебаев: "Эл "булар дагы эмнени баштаганы жатышат?" деп ойлобойбу?" деп күмөн санадым"

08:58 25.03.2026
200 чакырым/сааттан ашык ылдамдык! Автоунаа айып короо жайына киргизилди

200 чакырым/сааттан ашык ылдамдык! Автоунаа айып короо жайына киргизилди

09:25 25.03.2026
Минкаб төрагасы Казакстанга жумуш сапары менен барат

Минкаб төрагасы Казакстанга жумуш сапары менен барат

09:37 25.03.2026
Минкаб төрагасы Казакстанга жумуш сапары менен барат

Минкаб төрагасы Казакстанга жумуш сапары менен барат

09:37 25.03.2026
200 чакырым/сааттан ашык ылдамдык! Автоунаа айып короо жайына киргизилди

200 чакырым/сааттан ашык ылдамдык! Автоунаа айып короо жайына киргизилди

09:25 25.03.2026
Текебаев: «Эл «булар дагы эмнени баштаганы жатышат?» деп ойлобойбу?» деп күмөн санадым»

Текебаев: "Эл "булар дагы эмнени баштаганы жатышат?" деп ойлобойбу?" деп күмөн санадым"

08:58 25.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү