20-июнда Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарында темир жол бекетинин аймагындагы мунай зат сакталуучу жай өрттөнгөн.
Маалыматтарга караганда, саат 16:10 чамасында жардыруунун үнү угулуп, ошондон кийин эле кара түтүн көрүнө баштаган. Окуяда 4 адам жабыркап, экөө ооруканага жеткирилген.
Бүгүн, 5-июлда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Саламаттыкты сактоо министрлиги менен байланышканыбызда, жабыркагандардын бири каза болгонун билдиришти. Каза болгон жаран 39 жашта болгон.