УКМК тарабынан Шопоков шаарынын мурдагы мэри кармалды

УКМК тарабынан Сокулук районунун Шопоков шаарынын мурдагы мэри, Сокулук райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысынын мурдагы орун басары жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сокулук филиалынын жер бөлүмүнүн башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

«УКМК тарабынан жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүштүрүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Сокулук районунун Шопоков шаарынын мурдагы мэри, Сокулук райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысынын мурдагы орун басары жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сокулук филиалынын жер бөлүмүнүн башчысы кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Бул адамдар алдын ала сүйлөшүп алып, жасалма документтердин негизинде жеке адамдарга белгилүү бир акчалай сыйлыкка муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин өткөрүп берүүгө шектелүүдө. Азыркы учурда бул кылмыш иши боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.