Шыбы ураган мектеп. Мугалим менен окуучулар ооруканадан чыгарылды

Бүгүн, 17-майда Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Амирабек Чымканаев атындагы мектепте сабак учурунда кара шыбактан жасалган шып түшүп, мугалим жабыркаганы жазылган. Ала-Бука аймактык ооруканасынын хирургу Зайыр Раманкулов мугалим менен окуучулардын абалы тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине төмөнкүлөрдү маалымдады.

«Ала-Бука аймактык ооруканасына 3-класстын окуучулары, жалпы 16 бала жана класс жетекчиси келишти. Травматолог баш болгон дарыгерлер тобу текшерүүгө алып, бир сааттай биздин көзөмөлдө болушту. Баарынын абалы туруктуу болуп, үйлөрүнө чыгууга уруксат берилди», — деп билдирди врач.