Сирияда террористтик даярдыктан өткөн абактагы 2 жаран радикалдык көз караштан баш тартты

УКМК Кыргызстандагы диний-экстремисттик жана террористтик уюмдарга каршы аракеттенүү боюнча алдын алуу-профилактикалык иш-чаралардын алкагында абактарда жазасын өтөп жаткан эл аралык террористтик уюмдардын мүчөлөрүн жана жактоочуларын ынандыруу боюнча иш алып барууда. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Көрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында, Сирияда эл аралык террористтик уюмдардын катарында диверсиялык жана террористтик даярдыктан өткөн, Кыргыз жарандары, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1986-жылы жана 1983-жылы туулган тургундары радикалдуу көз караштардан эл алдында баш тартышты.

Учурда УКМК Эл аралык террористтик уюмдун/Диний-экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерди улантууда.