СИЗО-1де кармалып турган келиндин боюндагы баласынын чарчап калышы. ЖАМК үн катты

Боюндагы баласы өспөй калган келин (чарчап калган) бир да күн СИЗО-1ге камалган эмес. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

«Ал СИЗОго кармалган эмес. Убактылуу кармоочу жайдан эле клиникага барган экен, ошол жактан боюнан түшүптүр. Эми ал бүгүн алып келиниши мүмкүн», — дешти алар.

Буга чейин Акыйкатчы аппаратынан СИЗО-1де кармалган келиндин боюндагы баласы чарчап калганын айтып, ЖАМКга кайрылган эле.