СИЗОдо асынып каза болгон банкирдин өлүмү боюнча Аскер прокуратура тергөөнү баштады

Бүгүн, 18-майга караган түнү «Айыл банктын» насыяларды тескөө бөлүмүнүн мурдагы башчысы Бакыт Асанбаев УКМКнын тергөө камак жайынын камерасында өз жанын кыйганы маалымдалган. Башкы прокуратура аталган окуя боюнча иликтөө башталганын билдирди.

18-июнда 102 кызматына УКМКнын убактылуу тергөө изоляторунда айыпталуучу өзүн өзү асып каза болгондугу жөнүндө маалымат келип түшкөн. Аталган факты электрондук маалымат каттоо бирдиктүү реестирине катталып, Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүүдө.

Учурда Бишкек гарнизонун Аскер прокуратурасы тарабынан тергөө изоляторунун видео-байкоо жазуулары алынып, кызмат адамдары суралууда, ошондой эле соттук-медициналык жана башка тийиштүү экспертизалар дайындалды. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча окуянын жагдайлары толук жана объективдүү текшерилип юридикалык баа берилет.