Социалдык фонддун аудит башкармалыгынын башкы аудитору Б.Б.М. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу коопсуздук комитетинен билдиришти.
Соцфонддун кызмат адамдары тарабынан уюштурулган ири өлчөмдөгү коррупциялык схема жөнүндө УКМКга маалымат келип түшкөн. «Анын негизинде, бюджеттен өзгөчө ири өлчөмдөгү бир жолку акчалай компенсацияларды чыгаруу максатында «Чернобыль союзунун ардагерлери жана майыптары» коомдук бирикмесинин пенсионерлеринин жасалма архивдик маалымкаттарын пайдалануу менен системалуу түрдө коррупциялык схема уюштургандыгы аныкталган», — деп айтылат маалыматта.
Учурда бул коррупциялык ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу иштери жүрүп жатат.