Соцтармак аркылуу экстремисттик уюмдардын материалдарын жайылтууга шектүү аял кармалды

Социалдык тармактарда экстремисттик уюмдардын материалдарын жайылтып жүргөн делген аял кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Ыкчам-иликтөө иштердин натыйжасында социалдык тармактарда диний-экстремисттик жана террористтик үгүт материалдарды жайылтып жүргөн аял кармалган. Кызыл-Кыя шаарынын 46 жаштагы тургуну Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “ИШИМ” — Ирак, Шам ислам мамлекети диний-экстремисттик жана террористтик уюмуна тиешелүү символикаларды, аудио материалдарды, чакырыктарды жайылтып жүргөн.

Жогорудагы аталган диний уюмдар Бишкек шаарындагы Октябрь райондук соту тарабынан 2015-жылы террордук жана экстремисттик уюм катары табылып, өлкө аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган. Бул факты Баткен ОИИБге Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде катталып, тергөө иштери жүрүп жатат.