Соцтармакта кыргыздар тууралуу негатив жазган кыз бир жылга кесилди

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Twitter социалдык тармагынын колдонуучусуна карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу соттун чечиминде айтылат.

Ал 9-апрелде соцтармакта «А не русские ли вывели вас в люди? Так и жили бы в юртах… вам тут города русские выстроили, а вы как шавки из-под ворот тявкаете… завтра Россия скажет: «неделя вам, чтобы все долги отдать». Китай даст две недели… и поделят две державы Киргизию. Живите с этим» деген билдирүү жазган. Соттун чечиминде аталган пост башка колдонуучулардын нааразычылыгын жаратып, улуттар жана диндер аралык кастыкты түзүү үчүн айрым шарттарды түзгөнү айтылат.

«Соттук эксперттин бүтүмүнө ылайык, билдирүүнүн тексти негативдүү жана белгилүү бир этноско карата шылдыңдоо мүнөзүнө ээ», — деп жазылат соттун өкүмүндө.

Жыйынтыгында билдирүүнүн ээси катаал режимдеги колонияда жазасын өтөө менен бир жылга эркинен ажыратылды. Кыз «расалык, этникалык, улуттар, диндер, аймактар аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча күнөөлүү болуп табылды.