Кечээ, 16-майда жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө М.К.Ш. аттуу жаран Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесине ылайык шектүү катары кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал сойкукана уюштуруу боюнча кылмыш ишинин мурда жеткиликтүү болгон материалдарында негизги айыпталуучулардын бири болуп, тергөөдөн жашырынып жүргөн, ошол эле учурда ал сотто көрсөтмөлөрдү бурмалоо менен кылмыштагы шеригин актоо үчүн башка күбөлөрдү да жашырган. Тергөөнүн жүрүшүндө жарандарды эркинен тышкары күч колдонуп кармап, ур-токмокко алып, денесине залал келтирем деп коркуткандыгы тууралуу да маалыматтар алынган.
Токтогулда кишини өлтүрө сүзүп, унаасын эвакуаторго жүктөп бараткан айдоочу Төө-Ашуудан кармалды
Токтогулда кишини өлтүрө сүзүп, автоунаасын эвакуаторго жүктөп бараткан айдоочу Төө-Ашуудан кармалды. Милицияга 2026-жылдын 20-январь күнү саат 07:40 чамасында Бишкек-Ош автоунаа...






