Сокулукта 16 жаштагы кызды зордуктады делген жарандын атасы айылдан көчүп кетүү талабына жооп берди

Бүгүн, 7-декабрда Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын тургундары 16 жаштагы кыздын зордукталышына байланыштуу аксакалдар сотуна чогулушту. Айыл тургундары шектүүнүн үй-бүлөсүн башка жакка көчүрүүнү талап кылып, 3 күн убакыт беришти. Болбосо, жазалоого чыгабыз деп коркутушту.

Чогулгандардын арасында турган шектүүнүн атасы айылдан көчүп кетпестигин айтты. «Мен көчө албайм!» — деди ал.

Кечээ, 6-декабрда милиция маалымат таратып, Сокулукта 16 жаштагы кыздын зордукталганын билдирген эле. Маалыматка караганда, кыздын атасы милицияга кайрылып, 5-декабрь күнү эртең менен анын 2004-жылы туулган кызын белгисиз бирөө Бишкек шаарына жумушка жеткирип коюуга убада кылып, жолдон күч колдонуп, зордуктап салганын билдирген. Ал эми бүгүн, 7-декабрда тургундар аксакалдар сотуна кайрылышып, шектүүгө айылдан көчүп кетүү талабы коюлду.