Сокулукта 2 жаштагы наристенин көгала болуп сабалышы. Райондук соттун алдында митинг өтүп жатат

Бүгүн, 21-июнда Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун жанында 2 жаштагы наристенин сабалышы боюнча айыпталуучуга каршы митинг өтүп жатат.

5 адам соттолуучу 1987-жылы туулган Александр Самаркинди жоопкерчиликке тартууну талап кылууда. Балдардын укугун коргоо лигасынын директору Назгүл Турдубекованын айтымында, соттук-медициналык экспертиза денеге жеңил залал келтирилген деген чечим чыгарганы тууралуу маалымат бар, бирок бала катуу сабалган. Укук коргоочу сот бул жыйынтыктарды иштин материалдарына тиркөөнү каалап жатканын билдирди.