Сокулукта үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 28-октябрда Сокулук РИИБге Сокулук аймактык ооруканасынан кабар түшкөн. Анда 2002-жылы туулган келиндин сабалганы айтылган. Аталган факты каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.
Териштирүүнүн жүрүшүндө 28-октябрда саат 07:00-10:00 аралыгында Сокулук айылынын Заречная көчөсүндө жайгашкан үйдө келинди жарандык никедеги жолдошу сабаганы аныкталган. Үй-бүлөлүк зомбулук беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1999-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда.