20-июнь күнү Сокулук айылындагы Белинский көчөсүндө көлмөнүн жанында 1964-жылы туулган эркек кишинин кийимдери табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, анын сууга түшүп кетүүсү мүмкүн делип, сөөгү көлмөдөн изделип жатат.
21-июнь күнү жерине издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу, ИИМден 4 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 9 адам тартылган. Бирок майнап чыккан эмес. Бүгүн издөө иштери улантылат.











