27-июлга караган түнү Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында бир нече адам жолдогу жарандарды себепсиз сабап салышканы тартылган видео тараган.
Чүй ОИИБ маалымат таратып, көчөдөгү жарандарга кол салууга шектелгендер кармалганын билдиришти. Маалыматка караганда, милицияга бир нече жаран сабалганын жана 2 унаага жаракат келтиришкенин айтып кайрылышкан. Милицияга 6 адам жеткирилген. Тергөө уланууда.