27-июлга караган түнү Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында бир нече адам жолдогу жарандарды себепсиз сабап салышкан. Окуянын видеосу социалдык тармактарга тарады.
Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, бул факты Сокулук РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. «Учурда бул окуяга тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат»,- дешти милициядан.
Посмотреть эту публикацию в Instagram