5-январда милицияга арыз менен Студенческое айылынын 1965-жылы туулган тургуну кайрылып, саат 19:20 чамасында ак түстөгү медициналык маска кийген, колунда кол кабы бар адам Сокулук районунун Студенческое айылында жайгашкан дүкөнүнө кирип, бычак менен дүкөндө болгон жашы жете элек 2005-жылы туулган кызды бычак менен коркуткан. Ошол учурда дүкөнгө кардар кирип калып, кыз сыртка качып кеткен мезгилде, кол салган адам кассадагы 30 миң сом акчаны алып, дүкөндүн арткы эшигинен качып кеткенин билдирип, чара көрүүнү суранган.
Аталган факты Сокулук РИИБге катталып, Жазык кодексинин 207-беренеси менен (каракчылык) кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары 1996-жылы туулган жаран кармалган. Тергөө уланууда.












