Сокулукта уурулукка шектелген аял киши кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, милицияга 16-октябрда жаран кайрылып, 15-октябрда анын үйүнө кирип, 2 миллион сом, 4 миллион рубль, 5 500 доллар жана зер бумдарын уурдаган жаранга чара көрүүнү суранган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган жаран аныкталган. Тергөө учурунда зер буюмдарды өткөрүп берген, ал эми акчага 2016-жылы чыккан Toyota Camry сатып алганын айткан. Тергөө уланууда.