Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда оор жүк ташуучу унаа күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Сокулук районундагы Күн-Туу айылында оор жүк ташуучу унаадан өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө 3 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган. Жалын саат 01:05те чектөөгө алынып, толугу менен саат 01:48де өчүрүлгөн.
Өрттүн келип чыгуу себептери учурда такталууда.