Сокулукта кошунасы 9 жаштагы кызга сексуалдык ыдык көрсөтүүгө шектелип жатат

Сокулук районунда жашы жете элек кызга карата сексуалдык зомбулук көрсөтүү фактысы боюнча объективдүү иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 

6-февралда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө жаран кайрылып, кошунасына чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анын 2013-жылы туулган кызына сексуладык ыдык көрсөтүү болгонун айткан. Аталган факты Сокулук РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

«Кылмыш ишин тергөө учурунда бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Экспертизалардын корутундусу даяр боло электигин эске алып, буга байланыштуу кылмышкерлердин аракеттерине юридикалык баа берүү мүмкүн эмес. Тергөөнүн жыйынтыгы менен кылмыш иши боюнча дайындалган соттук-медициналык экспертизанын корутундусу боюнча процессуалдык чечим чыгарылат. Иликтөөнүн жыйынтыгын жакынкы убакта жарыялайбыз»,- деп айтылат маалыматта.