Сокулукта секелек кызды кордоп келгендер эмне үчүн камакка алынган эмес? Юрист жооп берди

Кечээ, 20-мартта Акыйкатчы институтунан Сокулукта 13 жаштагы кыздын системдүү түрдө 9 жигит тарабынан зордукталып келгенин билдиришти. Маалыматка караганда, кызды алар коркутуп-үркүтүп эч кимге айттырбай келишкен. Чүй облустук милициясы 2009-жылы туулган кыздын 9 эркек тарабынан зордукталып жүргөн окуя боюнча маалымат берген.

«23-январда Сокулук РИИБге 1983-жылы туулган аял кайрылып, анын 2009-жылы туулган кызы 22-январда саат 08:00 чамасында мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айтып кайрылган. Аталган факты боюнча териштирүү башталган. 11-февралда кыз  Сокулуктагы мейманканадан табылып, Сокулук РИИБге жеткирилген. Кыздын буга чейин да үйүнөн кетип калганы аныкталган. Ага карата экспертиза дайындалган. Кылмыш-жаза кодексинин 157-беренеси (Жашы жете элек кыз менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) менен кылмыш иши козголгон. Кыз айткан жарандар тергөөгө жеткирилген», — деген алар эч ким кармалбаганын билдиришкен. 

Бул коомчулукта катуу сынга жем таштады. Бул суроого адвокат жана юрист Шердор Абдыкапаров мыйзам боюнча жооп берди. «Бул биринчиден, кылмыш иши козголгон беренеден көз каранды. Себеби ишти зордуктоо эмес, жашы жете элек кыз менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер менен козголгон. Экинчиси, экспертизанын жыйынтыгын күтүү керек. Эгер күтпөй камап салса, таза чыгып калышы мүмкүн. Ошондой эле кызга психиатриялык экспертиза кылынат. Анын да жыйынтыгы керек болот», — деди ал.