Сокулукта секелек кыздын кордолуп келиши. Шектүү катары 2 адам кармалды

20-мартта Акыйкатчы институтунан Сокулукта 13 жаштагы кыздын системдүү түрдө 9 жигит тарабынан зордукталып келгенин билдиришти. Маалыматка караганда, кызды алар коркутуп-үркүтүп эч кимге айттырбай келишкен. Чүй облустук милициясы 2009-жылы туулган кыздын 9 эркек тарабынан зордукталып жүргөн окуя боюнча маалымат берген.

«23-январда Сокулук РИИБге 1983-жылы туулган аял кайрылып, анын 2009-жылы туулган кызы 22-январда саат 08:00 чамасында мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айтып кайрылган. Аталган факты боюнча териштирүү башталган. 11-февралда кыз  Сокулуктагы мейманканадан табылып, Сокулук РИИБге жеткирилген. Кыздын буга чейин да үйүнөн кетип калганы аныкталган. Ага карата экспертиза дайындалган. Кылмыш-жаза кодексинин 157-беренеси (Жашы жете элек кыз менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) менен кылмыш иши козголгон. Кыз айткан жарандар тергөөгө жеткирилген», — деген алар эч ким кармалбаганын билдиришкен. 

Бүгүн, 22-мартта СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден кылмышка шектүү катары 2 жаран кармалганын билдиришти. Тергөө уланууда.