Сокулук районунда жаңы төрөлгөн наристени өлтүрүүгө шектелген келин кармалды. Бул тууралуу 14-ноябрда Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Окуя 12-ноябрда болгон. Саат 12:30дар чамасында милицияга Комсомольское айылындагы таштанды полигонунда жаңы төрөлгөн ымыркайдын денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн.
Алдын ала маалыматтарга караганда, аймактын тургуну Дорожная көчөсүндөгү таштанды челекте ымыркайдын жансыз денесин көрүп калган. Наристе ак пакетке салынып, сыртынан кара футболкага оролгон. Ымыркайдын денеси соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлдү.
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 125-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Оперативдүү ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө милиция 2002-жылы туулган А.Ф. аттуу жаранды шектүү катары кармап, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.












