Сокулуктагы кафеде 38 жаштагы аялды тоноого шектелип 2 жигит кармалды

Сокулукта аял кишини тоноп кетишкен. Шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 29-майда Сокулук РИИБге 1985-жылы туулган аял киши кайрылып, 25-майда саат 23:00 чамасында Сокулуктагы кафелердин биринде ага күч колдонуп, телефонун, 300 доллары мене тартып алган жарандарга чара көрүүнү суранган.

Кылмышка шектелип, 2000 жана 2001-жылы туулган жарандар кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда.