Abank
SerepTV Logo

Сокулуктагы мунай зат сакталуучу жайдан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

Сокулуктагы мунай зат сакталуучу жайдан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү
Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракети менен мунай" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/shopokovdo-temir-jol-beketinin-aimagyndagy-mai-kuyuuchu-jai-kyiyp-jatat/">мунай зат сакталуучу базадагы өрт саат 19:22де толугу өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Заманбап техникалардын жардамында күйүүчү майга толтурулган 40 тонналык 5 цистерна сакталып калды. Өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы 8 бөлүм, Чүй облусунун башчысы жетектеген жана ККББнын ыкчам тобу тартылды. Мындан сырткары, "Кыргызтемир" жол ишканасынан 1 өрт өчүрүүчү поезд, 103 кызматынан 3 Тез жардам унаасы иштеди.
Өрттүн кесепетинен 4 адам жабыркап" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/sokuluk-raionundagy-munai-bazasyndagy-jaryluudan-4-adam-jabyrkady/">жабыркап, Бишкек шаардык ооруканасына жеткирилди. Учурда алардын өздүгү такталууда. Ошондой эле күйүүчү май сакталуучу 5 цистерна, 6 унаа күйгөн. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="186786,186787,186788"]