Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан №169 кичи автобус менен оор жүк ташуучу унаанын катышуусундагы үрөй учурган жол кырсык тууралуу маалымат беришти.
«19-июль күнү саат 07:50 чамаларында Сокулук районуна карштуу Ак-Ордо 3 конушунун Элмирбек Иманалиев атындагы көчөсү менен Бишкек шаарынын эл ташуучу Мерседес Бенц үлгүсүндөгү № 169 кичи автобусу түштүктөн түндүктү көздөй бара жатып, жолдон токтоп жүргүнчүлөрдү салып жаткан учурда, ошол эле тарапты көздөй бара жаткан SCONIA R-124 үлгүсүндөгү чоң жүк ташуучу унаасынын айдоочусу кичи автобусту артынан сүзгөн. Жол кырсыктын кесепетинен бир жүргүнчү Сокулук аймагынын ооруканасына жетип, өзүнө келе албай каза болуп калган жана 6 жаран ар кандай жаракаттары менен Сокулук аймактык оорукансына кайрылган»,- деп айтылат маалыматта.