Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө карата “кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)” фактысы боюнча УКМК маалымат берди.
Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында, УКМК Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө карата «кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)» фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштерин жүргүзүүдө.
Текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар кыймылсыз мүлк объекттери аныкталган:
1. «Илбирс-Саадат» эс алуу борборундагы коттедж;
2. Чолпон-Ата шаарындагы соода борбору;
3. «Коста Браво» эс алуу борборундагы коттедж;
4. «Бурана Резорт» эс алуу борбору.
Учурда кылмыш жолу менен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү аныктоо боюнча иш-чаралар уланууда.