Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти кармалды. Ал мамлекетке 117 миллион сом зыян келтирүүгө шектелүүдө

Башкы прокуратура тарабынан эки жарандын алдамчылык аракеттери боюнча козголгон кылмыш иши тергелүүдө. Тергөөдө 2009-жылы аталган эки жаран Мамлекеттик материалдык резервдер фонду менен түзүлгөн келишимдердин негизинде кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюп, жалпысынан 117 миллион сомго ири өлчөмдөгү ун сатып алышкандыгы аныкталган.
Бирок бул адамдар келишим түзүлгөн күндөн тартып өз милдеттерин аткаруудан качуу максатын көздөп, 12 жыл ичинде сот органдарына негизсиз арыздар менен кайрылып келишкен. Жыйынтыгында, мамлекетке жалпысынан 117 миллион сом зыян келтирилген. Мындан тышкары, алар дагы бир жарандын ишенимине кирип, ага күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлктү 15 миллион 705 миң сомго сатып, аталган жаранга ири өлчөмдө материалдык зыян келтиришкен.
Тергөөнүн жыйынтыгы менен Башкы прокуратура тарабынан Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми экинчи жаранга карата эл аралык издөө жарыяланды. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.