Соода түйүндөрдүн биринде аялга кол көтөргөн белгисиз жаран ИИМдин кызматкериби? (видео)

Түштүк магистралда жайгашкан “Глобус” гипермаркетинде белгисиз эркек киши аялдын жаагына чаап жиберген. Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы гипермаркетте болгон бул окуя боюнча териштирүү иши жүрүп жаткандыгын билдирди. Айрым айтылган маалыматтар боюнча, аялды жаакка чаап жиберген адам ИИМдин кызматкери болгон.

«12-июль күнү жаран милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылды. Анда белгисиз жаран жабырлануучуга орой сөздөрдү сүйлөп, денесине залал келтиргенин билдирип, ага чара көрүп берүүнү суранган” , —деп билдиришти ШИИБден. Бул факты катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 119-беренеси «Майда бейбаштык» боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып,  соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

“Дүкөнгө барып, акча чыгарып алайын дегем. Жанымда турган эркек кишиден бир аз жылып коюусун сурангам. Ал мага агрессивдүү жооп берди. Мындай сүйлөшкөн болбойт, деп айтсам, мени жаакка чаап жиберди”, – деп билдирген жабыркаган аял.