«Сөөгүн кечээ жерге бердик». Кадамжайда өлтүрүлгөн кыздын жакыны маалымат берди

Кыздын ата-энеси Кыргызстанда эле болчу. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Кадамжайда киши колдуу болгон кыздын жакындары билдиришти.

«Кыздын ата-энеси Кыргызстанда эле болчу. Үй-бүлөдө жалгыз кыз эле. Шектүүлөр ошол эле айылдыктар дешти. Кечээ, 5-сентябрда сөөгүн жерге бердик. Эмнеге мындай мыкаачылыкка барышты билбейм, маалымат да жок. Мага кыздын мүнөзү жоош, тартынчаактай сезилчү, анан билбейм», — деди ал.

Кечээ, 5-сентябрда Кадамжайда 14 жаштагы кыздын киши колдуу болгону маалым болгон. Окуя болгон жерге кароо учурунда колу артка жип менен байланган, мойнунан жип менен муунтулуп киши колдуу болгон кыздын жансыз денеси табылган. Кылмышка шектелип 3 адам кармалды.