Сооронбай Жээнбековдун кан кудасы Алиярбек Абжалиев камактан бошотулду. Экс-депутат алдамчылык иши боюнча келтирилген 1,2 миллион доллар зыяндын ордун толугу менен төлөп берген. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.
11-февралда Алиярбек Абжалиев алдамчылык фактысы боюнча шектелип жатканы маалым болгон. Анда УКМКга ишкер арыз менен кайрылып, ал 2 миллион доллар өлчөмүндө зыян тартканын айтып, бул кылмышка шектелип, мурдагы депутат кармалган болчу.
УКМКдан тергөөнүн жүрүшүндө иш боюнча чындыкты тактоо жана адилеттүүлүктү калыбына келтирүү максатында көрүлгөн чаралардын жүрүшүндө айыпталуучу жабырлануучуга келтирилген 1,2 миллион долларынан ашык зыяндын ордун толугу менен толтургаын маалымдашты. Буга байланыштуу кечээ, 11-мартта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту айыпталуучуга карата баш коргоо чарасын өзгөртүп, ал камактан бошотулду.
Жогорудагы иш Алиярбек Абжалиевдин биринчи иши эмес. 2021-жылдын март айында мыйзамсыз баюуга шектелип, июль айында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев анын мамлекетке 50 миллион сом төккөнүн айткан.