Жогорку Кеңештин депутаты, Сооронбай Жээнбековдун кан кудасы Алиярбек Абжалиев мамлекеттин эсебине 20 миллион сом төктү. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине УКМКдан ырасташты. Мындан тышкары, депутаттын кечээ, 27-июнь күнү кечинде Кыргызстанга Казакстан аркылуу чек арадан өткөнү маалымдалган. УКМКнын атайын эсебине которгон 20 миллион сомдон сырткары жакынкы күндөр ичинде 30 миллион сом которору да айтылды.
1-мартта УКМКдан Алиярбек Абжалиев мыйзамсыз баюуга шектелип жатканын билдиришип, анын экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен үй-бүлөлүк мамилесин колдонуп, мамлекеттик органдардын ишине “активдүү” кийлигишкени маалымдалган. Буга удаа эле анын Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткени да белгилүү болгон.