Сооронбай Жээнбековдун кан кудасы Алиярбек Абжалиев мамлекеттин эсебине 20 миллион сом төктү

Жогорку Кеңештин депутаты, Сооронбай Жээнбековдун кан кудасы Алиярбек Абжалиев мамлекеттин эсебине 20 миллион сом төктү. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине УКМКдан ырасташты. Мындан тышкары, депутаттын кечээ, 27-июнь күнү кечинде Кыргызстанга Казакстан аркылуу чек арадан өткөнү маалымдалган. УКМКнын атайын эсебине которгон 20 миллион сомдон сырткары жакынкы күндөр ичинде 30 миллион сом которору да айтылды.

1-мартта УКМКдан Алиярбек Абжалиев мыйзамсыз баюуга шектелип жатканын билдиришип, анын экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен үй-бүлөлүк мамилесин колдонуп, мамлекеттик органдардын ишине “активдүү” кийлигишкени маалымдалган. Буга удаа эле анын Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткени да белгилүү болгон.