Сооронбай Жээнбековдун кан кудасы Алиярбек Абжалиевдин кылмыш иши кыскартылды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиевдин кылмыш иши кыскартылды. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйында билдирди.

«Негизи эмне экендигинен маалыматым жок экен. Кызыксаңыздар, жазуу жүзүндө беребиз», — деди ал.

1-мартта УКМКдан Алиярбек Абжалиев мыйзамсыз баюуга шектелип жатканын билдиришип, анын экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен үй-бүлөлүк мамилесин колдонуп, мамлекеттик органдардын ишине “активдүү” кийлигишкенин билдирген. 26-июнда анын УКМК эсебине 20 миллион сом төккөнүн маалымдаган.