Сооронбай Жээнбековдун кан кудасы Алиярбек Абжалиев камакка алынды. Маалыматты Бишкек шаардык сотунан тастыкташты.
Маалыматка караганда, ал 13-июлга чейин камакта болот. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал коррупцияга шектелип жатат.
Алиярбек Абжалиев 2021-жылдын март айында мыйзамсыз баюуга шектелип, июль айында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев анын мамлекетке 50 миллион сом төккөнүн айткан. 2022-жылы 11-февралда Алиярбек Абжалиев алдамчылык фактысы боюнча шектелип жатканы маалым болгон. Анда УКМКга ишкер арыз менен кайрылып, ал 2 миллион доллар өлчөмүндө зыян тартканын айтып, бул кылмышка шектелип, мурдагы депутат кармалган болчу. Март айында камактан бошотулган. Экс-депутат алдамчылык иши боюнча келтирилген 1,2 миллион доллар зыяндын ордун толугу менен төлөп берген.