Кылмыштуу топтун мүчөсү мамлекеттик менчикте турган бала бакчаны жана спорт залды тартып алып, атасы менен агасынын атына каттатып алган. Аталган мүлк мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
«Чүй облусунун Жайыл районундагы Сосновка айылында 2017-жылы Камчыбек Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, мурда ок атуучу куралдарды жана баңгизаттарды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгон С.М.К. аттуу жаран коркутуп-үркүтүү, шантаж жана таасир этүү жолу менен мурда мамлекеттик менчикте турган бала бакчаны жана спорт залды алып, атасы С.К.Ж.нын жана агасы С.А.К.нын атына каттатып алган», — деп жазылат билдирүүдө.
Мүлк ээлери аталган объекттерге мыйзамсыз ээлик кылуу жана пайдалануу фактысын моюнга алышкан. Өз ыктыяры менен Жайыл районунун Талды-Булак айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп беришти.











