Чүйдө өзгөчө ири өлчөмдөгү баңги заттарды сатуу максатында ташып келе жаткандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 8-февралда Жайыл РИИБге белгисиз адамдардан түштүк региондорунан Чүй облусунун аймагына өзгөчө ири өлчөмдөгү баңги заттарды сатуу максатында ташып келе жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, Чүй ОИИБ менен УКМК биргеликте 9-февралда Жайыл районунун Сосновка айылындагы «Толкун-1» стационардык постунда «Тойота-Эстима» унаасын токтотуп, андан салмагы 1,5 килограмм гашиш, 18,1 килограмм марихуана баңги заттарын табышкан.
Тергөөнүн жүрүшүндө бул кылмышка тиешеси бар деп унаадагы үч жаран аныкталган. Алар 1980-жылы туулган М.Э., 1990-жылы туулган К.С. жана 1986-жылы туулган Б.Ж. аттуу жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Аталган факты боюнча бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.











