Сот Бишкекте чет өлкөлүк жаранды пранкка салган ТикТокчуга айып салды

Буга чейин социалдык тармактарда жер алдындагы өтмөктө жаранды пранкка салган блогердин видеосу тараган. Пранкер милицияга жеткирилип, кечирим сураган. Бүгүн, 2-мартта СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине пранкерге сот айып салганы маалым болду.

«Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 1-мартындагы токтомуна ылайык, Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 126-беренесинде көрсөтүлгөн укук бузууну жасоодо күнөөлүү деп табылып, ал боюнча мамлекеттин эсебине 55 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө, башкача айтканда 5 миң 500 сом айып салынды», — деп айтылат маалыматта.