Сот иликтөөчү журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин чыгарды (видео)

23-ноябрда Бишкек шаардык соту журналист Болот Темировдун өкүмүн өзгөрттү. Кеңешме бөлмөсүнөн чыгып, судья Адис Момуналиев төрагалык кылган соттук коллегия Темировду Кыргызстандын аймагынан чыгаруу чечимин чыгарды.

Жалпысынан биринчи инстанциянын өкүмү күчүндө калтырылды.